Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-январь
69.34    84.89    1.22    KZT 0.21
Ош

Ноокаттагы футбол аянтында бычакталган жигит арыздануудан баш тартты

Turmush -  Ноокаттагы футбол аянтында мушташ чыгып, бычак колдонулган факты катталды. Бирок жабырлануучу арыздануудан баш тарткан.

Аймактык кабарчыга маалым болгондой, 22-ноябрь күнү Ноокат районунун Мирмахмудов айыл аймагынын Чапаев айылындагы футбол талаада эки жигит мушташа кеткен. Анын кесепетинен 23 жаштагы Х.А. 20 жаштагы Б.М. аттуу жердешинин сол кабыргасына бычак (бүктөмө бычак) сайып жиберген. Бул окуяны Ноокат РИИБ зөөкүрчүлүк катары каттап, териштирүү иштери жүргүзүлгөн. Бирок жабыркаган жигит арыз жазган эмес.

Ал эми, Ош ОИИБдин басма сөз кызматы бул окуяда катуу жаракат алгандар жок экенин билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 815
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×