
Turmush - Ноокат районунун Зулпуев айыл аймагындагы «Жатан» көмүр шахтасы кайрадан ишке кирди. Бул тууралуу Зулпуев айыл өкмөтүнүн башчысы Советбек Мурзакулов бүгүн, 24-ноябрда билдирди.
СССР убагында иштетилген көмүр шахта 20 жыл мурун жабылып калган эле. Ал кайрадан ачылгандан бери жергиликтүү тургундар үчүн 1 кг көмүр 3 сомдон сатылып жатат. Ошондой эле, 15 адам жумуш орду менен камсыз болду.