Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-апрель
Ош

Ноокаттык тургун тез жардам бөлүмү менен унаасынын айнектерин талкалап кетти

Turmush -  Ноокат районундагы №16 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна караштуу тез жардам бөлүмүнүн жана «УАЗ 3962» үлгүсүндөгү тез жардам унаасынын айнектери талкаланды. Айнектерди Т.Кулатов айыл аймагынын Ак-Чал айылынын тургуну себепсиз сындырып кеткен.

Окуя 22-ноябрда саат 16:00 чамасында болгон. Бул факты Ноокат РИИБге зөөкүрчүлүк фактысы менен катталып, 1975-жылы туулган К.А. шектүү катары сурак берип жатат. Азырынча тез жардам бөлүмүнө 25 миң сомдук зыян келгени маалым болду. 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1346
Көп окулду
×