Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-январь
69.34    84.89    1.22    KZT 0.21
Ош

Ноокатта кудалардын урушунан окуучу кыз жаракат алды (толукталды)

Turmush -  Ноокаттын Борбаш айылында 2006-жылы туулган кыз 18-ноябрь күнү денесине жаракат алды. Кыздын жакындары Ноокат РИИБге кайрылып, анын денесине жаракат келтирген С. аттуу кишиге чара көрүүнү суранганы белгилүү болду.

Бул факт милицияга денеге залал келтирүү окуясы катары катталып, териштирүү иштери жүрүп жатат. Бирок Ош ОИИБдин басма сөз кызматы кыздын сабалганы тууралуу маалыматты жокко чыгарууда.

ОИИБдин билдирүүсүндө: «Кыздын ата-энеси уруша кетип, кыз убактылуу таенесинин үйүндө жашап жаткан. Ошол күнү эки куда түрткүлөшүп жатканда кыз ортолоруна кирип алган. Ошол убакта кокусунан жыгылып кеткен. Кызга эч кандай күч колдонулган эмес», - деп айтылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1316
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×