Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-апрель
Ош

Ноокатта күйөөлөрүнөн токмок жеген аялдар милицияга кайрылышты

Turmush -  Ноокат районунда күйөөлөрүнөн зордук-зомбулук көргөн аялдар милиция кызматкерлерине жардам сурап кайрылышкан. Учурда алардарды суракка алуу, териштирүү иштери жүрүп жатат.

Маалым болгондой, 17-ноябрда Гүлистан айыл аймагынын 1981-жылы туулган тургуну, 20-ноябрь күнү Көк-Бел айылынын 1969-жылы туулган тургуну, Какыр айылынын 1986-жылы туулган жашоочусу күйөөлөрүнүн үстүнөн милицияга арыз жазышкан. Алардын айтымында, чыр-чатактан кийин денесине ар кандай деңгээлдеги жаракат алышты. Бул фактылар Ноокат РИИБде денеге залал келтирүү фактысы катары катталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1845
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×