Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-январь
69.34    84.89    1.22    KZT 0.21
Ош

Ноокаттагы дүкөндөн 120 миң сомдук курулуш каражаттарын уурдап кетишти

Turmush -  Ноокат шаарында курулуш каражаттары сатылган дүкөндөн 120 миң сомдук буюмдар уурдалды. «Темир-Ордо» дүкөнүнүн эшигин 15-ноябрга караган түнү белгисиз адамдар бузуп киришип, майда курулуш материалдарын уурдап кеткен.

Анын кесепетинен дүкөн ээсине 120 миң сомдук зыян келтирилди. Бул иш боюнча Ноокат РИИБдин кызматкерлери териштирүү иштерин башташты.

Буга чейин Ноокаттагы «Ажы» базарында жайгашкан соода түйүндөргө уурулар кирип, зыяндын көлөмү такталганы маалымдалган. Уурулук 16-ноябрга караган түнү болуп, 4 факты боюнча Ноокат РИИБге арыз түшкөнү маалым болду.
Эшиктерди бузуп кирген уурулардан кийим-кече саткан соодагер А.Базарбаев 30 миң 350 сом, М.Саткасимова 31 миң 900 сом, Х.Абдугапарова 39 миң 130 сом жана З.Абдуллаева 80 миң сом зыян тартты. Учурда бул кылмыштын бетин ачуу аракеттери улантылып жатат.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 584
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
18:57,   23.01.2018   ( 1 адам окуп жатат)
×