Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ош облусуНоокат району 31.03.2017 18:22

Жаш талант: Ноокаттык окуучу жип эшүүчү велосипед жасады (видео)

Turmush -  Ноокат районундагы Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин 8-класстын окуучусу Адилет Тыныбек уулу жип эшүүчү велосипед ойлоп тапты. 3 кызмат аткара алган велосипедди ал күчтү сарптоо максатында кураштырып чыккан. Бул тууралуу ал аймактык кабарчы менен болгон маегинде билдирди.

«Биз тоолуу аймакта жашагандыктан жылкыны көп кармайбыз. Башка үй жаныбарларынан айырмаланып атка жип түтпөйт. Андан улам жипти базардан сатып алууга туура келет. Ошол себептүү айыл турмушун жеңилдетүү максатында жип эшүүчү велосипедди агайымдын көмөгү менен жасап чыктым», - деди жаш ойлоп табуучу.

Анын устаты Пайзидин Камаровдун айтымында, велосипед жүгөрүнү мардегинен ажыратып, бутка көнүгүү жасап, жипти да эшет.

«Окуучулар менен бирге Адилеттин велосипедине кошумча кызматтарды коштук. Велосипеддин башына жүгөрүнүн данын мардегинен ажыратып алуучу темир орнотконбуз. Ага жүгөрүнү салып койсо велосипед айланган сайын мардегинен данын бөлүп берет. Бул велосипедди айландыруу менен бутка көнүгүү жасаса болот. Ошондой эле, бир жагынан жипти эше берет», - деди П.Камаров.

Бул эмгекти 3 күндүн ичинде жасап чыгышкан. Алгач макетин чийип алып, андан кийин керектүү шаймандардын жардамында темирлерди ширетишкен.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×