Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ош облусуНоокат району 28.02.2017 17:52

Айыл турмушу: Ноокаттык 21 жаштагы Динислам универсал трактор жасап жатат (видео)

Turmush -  Ноокат районундагы Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн Көтөрмө айылынын 21 жаштагы тургуну Динислам Мухаммед улуу 5 түрдүү кызмат аткара алчу кичи трактор жасай баштады.

Жаш ойлоп табуучунун айтымында, трактордун керектүү тетиктери алмаштырып турууга ыңгайлашкан. Буга чейин чөп чабуучу, картошка казуучу трактор жасаган.

«Трактордун коробкасы менен дөңгөлөктөрү "Жигули" унаасына таандык. Башка каражаттарды атайын темирлерди ширетип жасап жатам. Бул кичи трактор бензин менен иштейт. Бир айдан бери трактор жасоо менен алектенип жатам. Бул чөп чабууга, жерди жумшартууга, жөөк салууга, картошканы эгип, кайра казып берүүгө да ыңгайланышкан.

Биздин айылдын көпчүлүгү дыйканчылык кылгандыктан, бул керектүү техникалардын катарын толуктайт», - деди Динислам.

Н

Динисламдын кеңешчиси анын атасы. Ал эми, мындай универсал тракторду жасап калуусуна кошунасы себепкер болгон.

«Кошунам менин мурда жасаган тракторлорумду көрүп, көп кызмат аткара ала турган трактор жасабайсыңбы деп калды. Ошондон кийин менде жаңы ой пайда болуп, ушул тракторду жасоону чечтим. Кар кетээри менен сындан өткөрөбүз», - деди ал.

Буга чейин Динислам унаалардын колдонуудан чыгып калган тетиктеринен картошка казуучу трактор курап чыккан.

Ал келечекте айыл турмушуна керектүү жабдууларды ойлоп таап, элге кызмат кылууна көздөйт.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×