Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-август
Ош облусуНоокат району 14.02.2017 11:43 На русском

Ноокатка жаңы аким болуп Д.Маматалиев келди

Turmush -  Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким болуп Давран Маматалиев дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

Райондук мамлекеттик администрациясы маалымдагандай, бүгүн, 14-февралда жаңы аким алгачкы жыйынын уюштурду. Жыйынга район аймагындагы мекеме-ишканалардын жетекчилери жана айыл өкмөт башчылары катышууда.

Д.Маматалиев буга чейин Финансы министрлигиндеги капиталдык салымдарды пландаштыруу бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген.

Экс-аким Бекболот Айтиев мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу кызматтан бошотулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×