Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-август
Ош облусуНоокат району 01.02.2017 13:00

З.Мурзакулов 5 талапкердин ичинен Ноокаттагы Зулпуев айыл өкмөтүнүн башчысы болду

Turmush -  Бүгүн, 1-февралда Ноокат районунун Зулпуев айыл өкмөтүнүн башчысы болуп 2-ирет Советбек Мурзакулов шайланды. Бул тууралуу Ноокат райондук администрациясы кабарчыга билдирди.  

Айыл өкмөт башчылыкка Акылбек Аблакимов, Жакшыбай Зулпукаров, Советбек Мурзакулов, Кылыч Мурзаматов жана Сабыр уулу Талант талапкер болгон. Шайлоого жалпы 31 депутат катышып, Зулпкаровго 5 добуш, Мурзакуловго 17 добуш, Мурзаматовго 5 добуш, Сабыр уулу Талантка 4 добуш беришкен.

Жаңы айыл өкмөт башчы Советбек Мурзакулов 1963-жылы туулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×