Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-август
Ош облусуНоокат району 31.01.2017 17:47 На русском

28 жаштагы Б.Марипов кайрадан Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды

Turmush -  Бүгүн, 31-январда Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы болуп 2-ирет Бакытбек Марипов шайланды. Бул тууралуу Ноокат райондук администрациясы кабарчыга билдирди.

Аталган кызматка Б.Марипов жалгыз талапкер болуп, жергиликтүү кеңештеги 31 депутаттын колдоосун алды. Ал 2013-жылдан бери аталган айыл өкмөттү жетектеп келген.

Бакытбек Марипов Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл аймагынын Кыргыз-Ата айылында 1988-жылдын 10-ноябрында төрөлгөн. 2006-жылы Бишкек шаарындагы №70 мектеп-гимназиясын аяктаган. Ошол эле жылы Кыргыз-орус славян университетинин эл аралык мамилелер факультетине кабыл алынып, 2010-жылы артыкчылык диплому менен аяктап, экономист адистигине ээ болгон. 2012-жылы аталган университеттин магистратурасын мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу адистиги боюнча артыкчылык диплому менен аяктаган. Ошондой эле, 2013-жылы Ош мамлекеттик университетинен юриспруденция боюнча билим алган.
Эмгек жолун Жогорку Кеңештин V чакырылышындагы депутаттын коомдук жардамчысы болуп баштаган. Айыл аймактагы Кызыл-Кетмен дыйкан чарбасын жетектеп жүрүп, 2012-жылы Кыргыз-Ата айылдык кеңешине депутат болуп шайланган.

Бакытбек Марипов Эсептөө палатасынын жетекчиси Улукбек Мариповдун иниси. У.Марипов буга чейин Президенттин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп эмгектенген.

Марипов
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×