Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-август
Ош облусуНоокат району 30.01.2017 17:36 На русском

Ноокаттагы Кара-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Батырбек Мамарасулов шайланды

Turmush -  Бүгүн, 30-январда Ноокат районунун Кара-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Батырбек Мамарасулов шайланды. Бул тууралуу Ноокат райондук администрациясы билдирди.

Аталган кызматка Батырбек Мамарасулов, Жаңылбек Туратов, Толкунбек Турдукулов талапкерлигин койгон. Жыйынтыгында Мамарасуловго 13 добуш, Туратовго 3 добуш, Турдукуловго 5 добуш берилди.

Батырбек Мамарасулов 1963-жылы туулган. Мындан мурда аталган айыл өкмөттүн башчысынын орун басары болуп иштеп келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×