Бөлүмдөр
Ишемби, 17-август
Ош облусуНоокат району 27.01.2017 14:44

Бел айыл өкмөтүнүн башчысы болуп К.Казначиев шайланды

Turmush -  Ноокат районунун Бел айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Калмамат Казначиев шайланды. Бул тууралуу Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, шайлоо бүгүн 27-январда өттү.

Ага Калмамат Казначиев менен Мамадияр Каратаев ат салышкан. Шайлоого жалпы 21 депутат катышып, Калмамат Казначиев 11 добуш, Мамадияр Каратаев 10 добуш алды.
Калмамат Казначиев мындан мурда аталган айыл өкмөттөгү «Казыначы» дыйкан чарбасынын жетекчиси болуп иштеп келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×