Бөлүмдөр
Ишемби, 17-август
Ош облусуНоокат району 26.01.2017 12:15

Найман айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Р.Шамаева шайланды

Turmush -  Ноокат районунун Найман айыл өкмөтүнүн башчысы болуп экинчи жолу Роза Шамаева шайланды. Бул тууралуу Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, шайлоо бүгүн 26-январда өттү. Ага Шамаева Роза Абдрахмановна жалгыз талапкер болуп катталган. Шайлоого жалпы 11 депутат катышып, аны баары 1 добуштан колдоп берди.

Роза Шамаева 1977-жылы туулган. Мындан мурда Найман айыл өкмөт башчысы болуп иштеп келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×