Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ош облусуНоокат району 26.01.2017 09:06

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндө биринчи жолу тарых музей ачылды (фото)

Turmush -  Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндө биринчи жолу тарых музейи ачылды. Бул тууралуу Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Бакытбек Марипов билдирди.

Маалыматка караганда, тарых музейинде Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн жана андагы ар бир айылдын тарыхы боюнча китеп бар.

Ошондой эле, 1900-жылдан бери Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнөн чыккан тарыхый инсандар, эмгек ардагерлеринин сүрөттөрү такта бетине илинген. Музей аталган өкмөтүн имаратында жайгашкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×