Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ош облусуНоокат району 25.01.2017 18:14

12-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы болуп К.Турсункулов шайланды

Turmush -  Ноокат районунун 12-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы болуп экинчи жолу Кутманбек Турсункулов шайланды. Бул тууралуу Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, шайлоо бүгүн өттү. Ага Жанара Абдибасова, Бүзайнап Абдукайымова, Кутманбек Турсункулов, Казыбек Осмонов ат салышкан. Шайлоого жалпы 21 депутат катышып, 1-турда Жанара Абдибасова 5 добуш, Бүзайнап Абдукайымова 3 добуш, Кутманбек Турсункулов 10 добуш, Казыбек Осмонов 1 добуш алган. Ал эми 2 депутат каршы добуш берген.
2-турда Жанара Абдибасова 5 добуш алса, Кутманбек Турсункулов 15 добуш алып 12-Бел айыл өкмөт башчысы болуп шайланды. 2 депутат каршы добуш берген.

Кутманбек Турсункулов мындан мурда 12-Бел айыл өкмөт башчысы болуп иштеп келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×