Бөлүмдөр
Ишемби, 17-август
Ош облусуНоокат району 25.01.2017 13:19 На русском

Төөлөс айыл өкмөтүнүн башчысы болуп А.Эшматов шайланды

Turmush -  Ноокат районунун Төөлөс айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Адылбек Эшматов шайланды. Бул тууралуу Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, бүгүн 25-январь Төөлөс айыл өкмөт башчылыгына шайлоо болуп өткөн.

Ага Азамат Абдырахманов, Каныбек Абытов, Нургазы Аширматов, Өмүрзак Калмурзаев, Абибилла Мусакулов, Адылбек Эшматов ат салышкан.

Шайлоого жалпы 31 депутат катышып, Азамат Абдырахманов 2 добуш, Каныбек Абытов 12 добуш, Нургазы Аширматов 3 добуш, Өмүрзак Калмурзаев 3 добуш, Абибилла Мусакулов 2 добуш, Адылбек Эшматов 8 добуш алган.

2 турга өткөн талапкерлер Каныбек Абытов 13 добуш, Адылбек Эшматов 16 добуш алды.
Адылбек Эшматов 1977-жылы туулган. Мындан мурда «Мырзайым ажы» дыйкан чарбасынын жетекчиси болуп иштеп келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×