Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ош облусуНоокат району 24.01.2017 18:52 На русском

Ноокаттын Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Н.Жоробеков шайланды

Turmush -  Ноокат районунун Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Нурбек Жоробеков шайланды. Бул тууралуу райондук акимчиликтен кабарлашты.

Бүгүн, 24-январда өткөн шайлоого Нурбек Жоробеков менен Камардин Матраимов ат салышкан. Шайлоого жалпы 21 депутат катышып, Н.Жоробеков 12 добуш, К.Матраимов 9 добуш алды.

Жоробеков Нурбек 1977-жылы туулган. Мындан мурда аталган айыл өкмөттө жооптуу катчы болуп иштеп, айыл өкмөт башчысы жумуштан кеткендигине байланыштуу анын милдетин аткаруучу болуп иштеп турган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×