Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ош облусуНоокат району 30.12.2016 08:55

Айыл турмушу: Баатыр эне К.Мамасалиева 12 жылдан бери ноокаттыктарды үндүктүн эти менен камсыздайт

Turmush -  Ноокат районунун Ак-Терек айылында жашаган Калтажи Мамасалиева 12 жылдан бери үндүк багуу менен киреше табат. Ал жылына 100гө жакын үндүктү сатууга чыгарат.

Ишкер айым учурда майрамга карата үндүктөрүн 2 миң сомго чейин сатып жатканын айтты.

«Мен 12 жылдан бери үндүк багуу менен алектенем. Жыл сайын жаңы жылга карата 100гө жакын үндүк сатабыз. Жаңы жылга жакын үндүк издеп келгендер көп болот. Быйыл дагы 60-70ке жакын үндүктү сатууга даярдадык. Учурда келген адамдарга сатып жатабыз», - деди ал.

Ишкер үндүктөрдү жайкысын айылдын четиндеги талаада багат. 200гө жакын үндүктү жайы менен багып, кыш келгенде алардын санын азайтууга аргасыз болот. Себеби үндүктөр кол карап калган учурда көп жем керектелет.

IMG-20161229-WA0043

«Үндүк багуу абдан түйшүктүү иш. Буларга деле оору жугат. Дары берип, абдан көңүл бөлүп караш керек. Жайкысын талаадан азык таап жешет. Кыш келгенде кол карап калышат. Кол карап калган учурда буларга жем жеткирүү абдан кыйын болот. Ошол себептен санын азайтып, жаңы жылда сата турганын гана алып калабыз. Андан кийин аларга жем берип багабыз», - деди Мамасалиева.

Кышкысын 200дөй үндүк 5 тоннага чейин жем жейт. Жаңы жылга карата багылган үндүктөр учурда 1300 сомдон баштап, 2 миң сомго чейин сатылууда.

65 жаштагы баатыр эне К.Мамасалиева учурда 9 баланын, 28 неберенин жана 1 чөбөрөнүн апасы.

IMG-20161229-WA0041

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×