Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ош облусуНоокат району 21.12.2016 08:26

Ноокаттагы таланттуу окуучулардын мода көргөзмөсү (видео)

Turmush -  Ноокат районундагы көркөм сүрөт мектеп-интернатында «Дизайнер-тинейджер» мода көргөзмөсү өттү. Көргөзмөгө 6-класстан 11-класска чейинки 30дан ашуун окуучу кыздар катышты, деп билдирди кабарчы.

Аталган сынак жалпысынан 9 тапшырмадан туруп, окуучу кыздар «Кагаздан жасалган ханыша», «Кечки сулуу», «Жаңы жылдык мыкты кийим», «Өзгөчө көйнөк», «Эң ыйгалуу костюм», «Пардадан тигилген мыкты көйнөк», «Эң мыкты улуттук көйнөк», «Кичинекей Фея», «Полиэтилен мисс» наамдары үчүн күчтөрүн сынашты. Сынакка катышкан окуучу кыздар керектөөдөн чыгып калган кездемелерге кайрадан жан киргизип, экинчи жашоо тартуулашты.

Аталган интернаттагы окуучулар сынак аркылуу гана кабыл алынат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×