Бөлүмдөр
Ишемби, 17-август
Ош облусуНоокат району 20.12.2016 15:23

Ноокаттагы жаш дизайнерлер эмгектерин көрсөтүштү (фото)

Turmush -  Бүгүн, 20-декабрда Ноокат районунда жаш дизайнерлер өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Аймактык кабарчынын маалыматына караганда, райондук көркөм сүрөт мектеп-интернатынын кыздары «Дизайнер-тинейджер» сынагын уюштуруп, 30дан ашуун окуучулар эмгектерин көрсөтүштү.

Сынак окуучу кыздарын дизайнерлик жөндөмдүүлүгүн арттыруу максатында уюштурулган. Сынактын жүрүшүндө кыргыздын улуттук кийимдери, көчө стили, этно стил, авангард стилдеги кийимдер көрсөтүлдү.

Ноокат районунда жалпы 112 мектеп, 75 бала бакча, 47 миңден ашуун окуучу бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×