Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ош облусуНоокат району 29.11.2016 13:07

Ноокаттык окуучу Разия тогуз коргоол боюнча Россияда өткөн мелдеште 3-орунду ээледи

Turmush -  Ноокат районунун Кеңеш айылындагы мектептин окуучусу Рахманали кызы Разия Россиянын Тоолуу Алтай аймагында өтүп жаткан тогуз коргоол боюнча Азиянын биринчилигинде 3-орунду багындырды. Бул тууралуу Ноокат райондук дене тарбия жана спорт комитетинин инструктору Ислам Кожоев билдирди.

Маалыматка караганда, турнир 24-30-ноябрга чейин өтөт. Разия чемпионатка машыктыруучусу Барыкбек Абдырахманов менен барган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×