Бөлүмдөр
Ишемби, 17-август
Ош облусуНоокат району 24.11.2016 18:06

Ноокат районунун акиминин орун басары болуп Н.Козуев дайындалды

Turmush -  Ниязбек Козуев Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы акимдин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 18-ноябрда кол койгону маалымдалды.

Н.Козуев

аким

Акимдин мурдагы орун басары Сабыралы Эгембердиев ден соолугуна байланыштуу өз каалоосу менен кызматын өткөрүп берген.

Н.Козуевдин эмгек жолу:

- 1991-1999-жылга чейин Көк-Жар орто мектебинин мугалими;

- 1999-2005-жылга чейин ошол эле мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы;

- 2005-2006-жылдары аталган мектептин директору;

- 2006-2009-жылдары Көк-Жар айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы;

- 2009-2013-жылдары айыл өкмөт башчынын орун басары;

- 2013-жылдан бери Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×