Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ош облусуНоокат району 20.10.2016 18:59

Айыл турмушу: Ноокаттык Ибрагим Сургуттагы сулуулук салонунда күнүнө 20га жакын кардарга кызмат көрсөтөт (фото)

Turmush -  Ноокаттык Ибрагим Москванын Сургут шаарында чач тарач болуп эмгектенип, айына 70-80 миң рубль каражат табат.

И.Бурханов 1986-жылы Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Ынтымак айылында төрөлгөн. Мындан 5 жыл мурун эмгектенүү максатында өлкөнүн аймагынан чыгып кеткен. Аны менен Turmush басылмасынын кабарчысы маектешти.

«Айылдагы орто мектепти аяктагандан кийин Бишкектеги университеттен туризм тармагындагы менеджер кесибине ээ болдум. Сургут шаарындагы сулуулук салонунда 5 жылдан бери иштеп жатам. Мырзалардын чачын тегиздөөдөгү бардык ыкмаларды билем. Алгач Бишкек шаарында эмгектенип тажрыйба топтогом. Учурда күнүнө орто эсеп менен 15-20 кардарга кызмат көрсөтөм. Орто эсеп менен айына 70-80 миң рубль эмгек акы алам», - деди мекендешибиз.

Ал Бишкек шаарында сапаттуу кызмат көрсөткөн сулуулук салонун ачууну максат кылууда.

«Иш убактысында күлкүлүү окуялар көп болот. Бир жолу мага чет элдик кардар келди. Ал мен билген кыргыз, орус, англис тилдеринде бир дагы сөз айтпай, оюн түшүндүрө албай койду. Чачы коюу жана тармал болчу. Колунун манжасы менен "1 см" деп айткысы келген сыяктуу жаңсады. Көрсө, ал чачын бир аз гана суюлтуп коюуну сураныптыр. Мен болсо аны түшүнбөй, чачын толугу менен алып салгам», - дейт Ибрагим.

Ал үй-бүлөдө 5 бир туугандын эң улуусу. Үй-бүлөлү, 2 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×