Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ош облусуНоокат району 07.10.2016 17:32

«Кыргыз-Ата» футбол клубунун 30 жылдыгы белгиленди (фото)

Turmush -  Бүгүн, 7-октябрда Ош облусунун Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндө «Кыргыз-Ата» футбол кулубунун 30 жылдык маракеси белгиленди. Бул тууралуу Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Бакытбек Марипов билдирди.

Маалыматка караганда, иш-чарага өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ахмаджан Махаммадов, Ноокат районунун акими Бекболот Айтиев, КРсынын футбол федерациясынын өкүлдөрүн жана футболчулар катышты.

Ноокат районундагы мектеп окуучуларынан куралган 16 команданын ортосунда мелдеш өткөрүлдү. Мелдешти өткөрүүнүн максаты - жаштарды ынтымактыкка, патриоттуулукка үндөп, кылмыштуулуктан алыс болууга чакыруу.

«Кыргыз-Ата» футболдук кулубу 1986-жылы түзүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×