Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ош облусуНоокат району 04.10.2016 11:03

Айыл турмушу: Ноокаттык Г.Боронбаев картошканын Голландиядан алып келген сортунан 32 тоннага чейин түшүм алууда (фото)

Turmush -  Ноокат районундагы Кыргыз-Ата айылынын тургуну Ганыжан Боронбаев мындан 14 жыл мурун Голландиядан картошканын элита сортторун алып келип, өстүрүп баштаган. Ал жылына 32 тоннага чейин түшүм алат.

«2002-жылдан тартып картошка өстүрүп келем. Андан бери картошканын таза, жакшы сортторунун уруктарын Голландиядан алып келебиз. Уругун көбөйтүп, сатыкка коёбуз. Учурда бизде биринчи репродукциядан импала, агата, пикассо, санте деген төрт сорту бар», - дейт дыйкан.

Г.Боронбаев картошканын ондон ашык түрүн өстүрүп, алардын кайсы сорту Кыргызстанда жакшы түшүм бере турганын байкап көргөн.

«Картошканын түрү абдан көп. Биз 12 түрүн өстүрүп көрдүк. Алардын ичинен биздин жерде 90 күндүк урук деп аталган санте, пикассо жана эрте бышып-жетилүчү импала, ривьера деген сорттору жакшы өсүп, түшүмдү мол берет», - деди ал.

Картошканы туура өстүрүү үчүн биринчи уругун дарылоо керек. «Картошканы курту жок, таза өстүрүү үчүн эң алгач уругун дарылоодон баштоо керек. Жерден өсүп чыкканда жердеги ңөооруларга, жалбырактарына түшүүчү ар кандай курт-кумурскаларга каршы дарылайбыз. Ошентип отуруп жылына 4 ирет дарыланат», - деди. К.Боронбаев.

Дыйкан картошканын элита сортун 12-13 гектар жерге эгип, андан жылына орточо эсеп менен 28-32 тонна түшүм алып жатканын кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×