Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Ош облусуНоокат району 27.09.2016 17:15

Ак-Булак айылында жаңы фельдшердик-акушердик пункт пайдаланууга берилди (фото)

Turmush -  Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Булак айылына жаңы фельдшердик-акушердик пункт курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт Марипов билдирди.

Анын курулушуна АРИС уюму тарабынан 2 сом бөлүнгөн. Ал эми жергиликтүү бюджеттин эсебинен 100 миң сомго эмеректер алынды. Имаратта ысык суу, муздак суу, канализация жана башка шарттар бар.

Буга чейин айылда фельдшердик-акушердик пункт жок болгондуктан жергиликтүү тургундар 15 чакырым жол жүрүп, Ноокаттагы ооруканага барышчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×