Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ош облусуНоокат району 26.08.2016 10:56

Ноокатта бир окуу жылында 224,3 млн сомдук мектептер, жатакана жана спорт зал курулду

Turmush -  Ноокат районунда өткөн окуу жылында 224 млн 390 миң сомдук 4 мектеп, 1 спорт зал, 1 жатакана пайдаланууга берилген. Ошондой эле, 59 млн 480 миң сомго 6 мектеп капиталдык оңдоодон өткөрүлдү. Бул тууралуу Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Муктар Маматалиев «Мектепте билим берүү боюнча мамлекеттин саясатын ишке ашыруу — жаңы контексттер жана чечимдер» деген ураандын алдында өткөн мугалимдердин август конференциясында билдирди.

Анын айтымында, учурда 587 млн сомго 12 мектеп, 2 спорт зал, 1 жатакананын курулуш иштери жүрүп жатса, 72 млн сомдук эки мектеп жакында пайдаланууга берилет. Өткөн окуу жылында райондо түрдүү булактардан тартылган ички инвестициянын көлөмү 24 млн 870 миң сомду түзүп, жергиликтүү бюджеттерден билим берүү мекемелерине болгон салым 23 млн 735 миң сомго барабар болгон.

«Мектепте билим берүү боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу багытында Ноокат районундагы жалпы коомчулук келечектүү иш жүргүзүп жатат», - деди М.Маматалиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×