Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ош облусуНоокат району 23.08.2016 16:33

Айыл турмушу: Ноокаттык жаш уста курулуш материалдарын чыгаруучу ири завод курууну көздөйт (фото)

Turmush -  Устачылык өнөрдү Россиядан үйрөнүп келген чеч-дөбөлүк тургун курулуш материалдарынын түрлөрүн иштеп чыгаруучу ири завод курууну көздөйт.

Кубанычбек уулу Дастан Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Н.Исанов айыл өкмөтүнүн Чеч-Дөбө айылында 1991-жылы төрөлгөн. Анын эмгектери менен аймактык кабарчы таанышты.

«2010-жылы Москвада ар тармактуу курулушта иштеп тажрыйба алдым. Бул кесип өзүмө абдан жагат. Бала кезимде үйлөрдү оңдоп-түзөөгө кызыкчумун.

Учурда бир турак үйдүн ичин жана сыртын кооздоп, жылуулап чыкканга 4-5 күн убакыт кетет. Жумуштун сапатына жана кооздугуна өзгөчө көңүл бурабыз. Бир айда 3-4 үйдүн сыртын жасайбыз. Топто 3 уста бар. Буюртма көп болсо айына 25-30 миң сомдун тегерегинде каражат табам.

Келечекте курулуш материалдарынын түрлөрүн чыгаруучу ири завод курууну максат кылам», - дейт жаш уста.

Дастан Кызыл-Кыя шаарында №7 кесиптик лицейден уста жана ширетүүчүлүк кесипти үйрөнгөн. Ал учурда бойдок, 6 бир туугандын төртүнчүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×