Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ош облусуНоокат району 19.08.2016 11:22

Ноокаттагы директорлор билим берүүдөгү маселелерди талкуулоо үчүн чогулушту

Turmush -  Бүгүн, 19-августта Ноокат районундагы билим берүүчү мекемелердин директорлорунун кезектеги усулдук окуусу өттү. Райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Мырза Жусуповдун айтымында, усулдук окуу «Мектептик билим берүү боюнча мамлекеттин саясатын ишке ашыруу — жаңы контексттер жана жаңы чечим» аталышында өтүп, анда окуу методикалык колдонмолордун билим сапатын көтөрүүдөгү ролу, мектептерде 2017-жылдан тарта колдонулуучу жаңы стандарттагы жаңы чектер, «Энелер мектебин» уюштуруудагы тажрыйба алмашуу, өзүн өзү башкаруунун окуучулардын билим сапатын көтөрүүдөгү ролу, курстан алган билимдердин маңызы талкууга алынып, сунуш-пикирлер айтылды.

«Жаңы окуу жылында бардык багыттар, максаттар, иш аракеттер, башка тармактар менен боло турган байланыштар сабактардын сапатын жакшыртууга, өз ара сабакка кирүүнү системалуу жүргүзүүгө насаатчы мугалимдердин иш аракеттери, жаш мугалимдердин өз билимин өркүндөтүүсүнө жетишүүгө багытталышы керек», - деди өз сөзүндө райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Муктар Маматалиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×