Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ош облусуНоокат району 18.08.2016 10:19

Ноокатта 800дөн ашуун мугалим август усулдук окуусуна чогулду

Turmush -  Ноокат районундагы Кыргыз-Ата айыл аймагында жайгашкан Тажибай жана Т.Темиралиев атындагы орто мектептерде кечээ, 17-августта мугалимдердин август усулдук окуусу өттү. Ага кыргыз тили, орус тили, чет тили, математика, физика, химия-билогия, дене тарбия предметтерин окуткан 800дөн ашуун мугалим катышты.

Усулдук окуу «Мектептик билим берүү боюнча мамлекеттин саясатын ишке ашыруу - жаңы контексттер жана жаңы чечимдер» урааны менен өтүп, анда колдонулуп жаткан стандарттарды жана программаларды, ошондой эле жаңы муундун стандарттары, анын негизинде иштелип чыккан окуу-методикалык комплекстердин билим берүү системасына алып келе турган келечектүү иштери талкууга алынды. Аны менен бирге методикалык сунуштар жетекчилик тарабынан колдоого алынды.

«Усулдук окуудагы ар бир талкууга алынган маселеден кабыл алынган чечим аткарылышы шарт»,- деди өз сөзүндө Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Муктар Маматалиев.

Жылдагы усулдук окуулардан айырмаланып быйылкы усулдук окууга Ош гуманитардык педагогикалык институтунун эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы, педагогика кафедрасынын улук окутуучусу Жыпаргүл Шербаева, Информатика кафедрасынын магистри Токтогул Исаков, англис тили кафедрасынын улук окутуучусу Элиза Рахманова келип, мугалимдерге окутуунун инновациялык багытындагы ишмердүүлүгүн арттыруу багытында усулдук тажрыйба алмашууларды өткөрдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×