Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ош облусуНоокат району 05.07.2016 12:51

Айыл турмушу: Кол өнөрчүлүктү мектептен баштаган Айгерим кийизден улуттук кийимдердин түрүн тигет (фото)

Turmush -  Алай районундагы Гүлчө айылынын 19 жаштагы тургуну Садирбек кызы Айгерим кийизден түрдүү кийимдерди, баштыкчаларды жасоо менен алек. Ал чеберчилик өнөрдү апасынан үйрөнгөн. Бул тууралуу аймактык кабарчы менен болгон маегинде билдирди.

«Менин таенем, апам дагы чебер. Мен дагы кичинекей кезимден эле апама жардамдашып жүрүп, тигүүчүлүктүн сырларын үйрөндүм. Апам көбүнчө кыздарга сеп даярдайт. Эжелеримдин себин апам өзү бүтүргөн. Мен дагы апамдын жолуп жолдоп, чеберчилик жаатта билим алдым. Мектептеги кезимден тартып эле кичинекей сумкаларды жасаганды жактырам. Мага кийиз менен иштөө жаккандыктан кийимдерди дагы, сумкаларды дагы кийизден жасайм», - деди А.Садырбек кызы.

Айгерим дизайнер болууну максат кылып келгенин кошумчалады.

«Ар бир адам кыялданып жашайт. Мен кичинемден эле дизайнер болууну эңсөөчүмүн. Быйыл алгачкы жолу кийизден кыргыздын улуттук кийимин тиктим. Буга чейин курактан кийим тигип көрдүм. Бирок, кийиз менен иштөө аябай кызык. Ар бир иштин түйшүгү бар. Мен кийим тигип жатканда кызыгып кетип, таңдын атканын сезбей калган учурлар дагы болуп турат. Чеберчилик кызыктуу дагы, түйшүктүү дагы иш.

Ата-бабаларыбыз кийген кийим менен азыркы кийимдердин стилинде дагы өзгөчөлүктөр, көп өзгөрүүлөр бар», - деди Айгерим.

Айгерим 5 бир туугандын кенжеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×