Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ош облусуНоокат району 07.06.2016 15:41

Ноокаттыктар окуучулар арасындагы республикалык спартакиаданын алдыңкы орундарын ээлешти

Turmush -  Ноокат районунан Ысык-Көл облусундагы Чолпон-Ата шаарында өткөн окуучулар арасындагы республикалык спартакиадага катышкан спортчулар байгелүү орундарды ээлешти. Бул тууралуу Ноокат райондук мамлекеттик администрациясы маалымдады.

Маалыматка ылайык, айыл жаштарынын «Дени сак улут - өнүгүп жаткан өлкө» аталышындагы спартакиадасынын алкагында Чолпон-Ата шаарында 27-майдан 4-июнга чейин спорттун 7 түрүнөн республикалык мелдеш өткөрүлгөн.

Мелдештин аягында Ноокат районундагы Кеңеш айыл аймагынын тургуну Албина Рахманбердиева 60 кг жогорку салмактар арасындагы кол күрөшчүлөрдөн алдыга чыкты. Ошол эле айылдын тургуну Бакытбек Абдырахманов тогуз коргоол боюнча эркектер арасындагы мелдеште 1-орунга чыкса, 1000 метрге чуркоодо Т.Зулпуев айыл аймагынын тургуну Абдыкалык уулу Абдрахман биринчи болуп келди. Ошондой эле, Көк-Жар айыл аймагынан барган футболчулар 2-орунду камсыз кылып, байгелүү сыйлыктар менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×