Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ош облусуНоокат району 04.06.2016 12:06

Ноокатта «Улуу Мурас» кароо-сынагы комуз күүлөрү жана улак тартыш менен башталды (фоторепортаж)

Turmush -  Бүгүн, 4-июнда Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүндө Тарых жана маданият жылына карата «Улуу Мурас» кароо-сынагы өтүп жатат. Ага өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашев жетектеген жергиликтүү жетекчилер катышууда, деп билдирди аймактык кабарчы.

Кароо-сынактын ачылыш аземин акындар комуз менен ачып, улакчылар улак тартууга киришти. Андан кийин меймандар менен жетекчилер көргөзмөгө коюлган ар түрдүү буюмдар менен таанышып, улуттук тамак-аштан даам татышты.

Сынак коомчулуктун маданий интеллектуалын, маданиятын жогорулатуу жана жаштарды патриоттуулуккка үндөө максатын көздөйт.

Бул иш-чара Ош облусунун райондорунда өткөрүлүп, атайын түзүлгөн комиссия тарабынан көргөзмөгө коюлган буюмдар бааланат. Жыйынтыгында жеңүүчү болгон команда Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга жолдомо алат.

II Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары сентябрь айынын башында Ысык-Көлдө өтөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×