Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ош облусуНоокат району 29.05.2016 12:44

Ноокат районундагы 30 команда волейбол мелдешине түштү (фото)

Turmush -  Кечээ, 28-майда Ноокат районунун Н.Исанов айыл аймагында спорттун волейбол түрүнөн айыл өкмөттөр арасында мелдеш өткөрүлдү. Исанов айыл өкмөтүнөн маалымдалгандай, мелдешке Ноокат районунун аймагынан 30 команда катышты.

Мелдештин жыйынтыгында Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн «Кыргыз-Ата 1» командасы 1-орунду ээлеп, 30 миң сом акча каражаты менен сыйланды. Ал эми, 2-орунду Зулпуев айыл өкмөтүнүн командасы ээлеп, 20 миң сомго ээ болсо, 3-орунга жазылган Кара-Таш айылынын командасы 10 миң сом менен сыйланды. Ошондой эле, 4-орунга чыккан Кеңеш айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү 5 сом акчалай сыйлыктарга ээ болушту.

Аталган мелдешти Ош ШИИБдин жетекчиси Кылыч Жолдошев демилгелеген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×