Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ош облусуНоокат району 21.05.2016 15:50

Айыл турмушу: Ноокаттык 7 жаштагы Фарида дүйнө жүзүн таңкалтырган стилдерди ойлоп табуу максатын койду (фото)

Turmush -  Ноокаттын 7 жаштагы тургуну дүйнөгө таанылган дизайнер болууну көздөп, азыртадан куурчактарына түрдүү кийимдерди тигүү менен өнөр дүйнөсүнө кадам таштады.

Атактуу дизайнер болууну кыялданган Фарида Бейшенаалы кызы райондогу Кенжемат Абдылакимов атындагы Көк-Бел орто мектебинин 1-классын аяктайт.

«Учурда куурчактарыма саркеч кийимдерди тигип баштадым. Келечекте дүйнө жүзүн таңкалтырган стилдерди ойлоп табам. Кичинекей болсом да үйдө баардык жумуштарды жасай алам жана апамдын эң мыкты жардамчысымын», - дейт кичинекей Фарида.

Ал өзгөчө математика, сүрөт сабактарын жакшы көрөт. Мектепте жакшы бааларга окуп жатканын кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×