Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ош облусуНоокат району 08.05.2016 10:19

Айыл турмушу: Ноокаттык уста Ж.Бегматов темирди түрдүү формага келтирип жасаган буюмдары бири-бирине окшошпойт (фото, видео)

Turmush -  Ош облусунун Ноокат районунун тургуну Жыргалбек Бегматов 10 жылдан бери темирден түрдүү буюмдарды жасоо менен алектенет. Анын эмгектери бири-бирине окшошпойт. Сүрөт тартууну мыкты өздөштүргөн мырза жасаган дарбазаларга мөмө-жемиштерди, гүлдөрдү орнотот. Бул тууралуу уста аймактык кабарчы менен болгон маегинде билдирди.

«Мен бала кезимден эле кол өнөрчүлүккө жакын болуп чоңойдум. Сүрөт тартууну жакшы көрчүмүн. Мектепти бүткөндөн кийин Орусияга иштегени кетип, ошол жактан темирди түрдүү формага келтирип жасоону өздөштүрдүм. Өзүм сүрөтчү болгондуктан тосмолорду, тепкичтердин канаттарын кооздоодо кыйынчылык жаралбайт. Тескерисинче бул иштен эргүү алам. Бир эмгегим экинчисинде кайталанбайт.

Алгач дарбазалардын сүрөтүн тартып, кардарларыма сунуштап көрөм. Аларга макул болсо айтканындай кылып кооздоп берем», - деди Ж.Бегматов

Жыргал мырза жасаган буюмдарынын сапаттуулугуна өзгөчө көңүл бөлөт.

«Мен темирлерди атайын Россиядан алдырып келем. Анткени жасаган эмгектериң кооз болгону менен сапатсыз болсо, анда кардарларды жоготуп алышың мүмкүн. Ошол себептүү атайын буюртма аркылуу темирлерди Россиядан алдырып келем. Бир дарбазаны 10-15 күндө даярдап бүтөм. Темирди иштетүү деле оңой эмес. Кышкысын муздакта иштөө аябай оор», - деди ал

Жыргал Бегматов учурда 30 жашта. Жаш экендигине карабай шакирт тарбиялаганга да жетишкен. Учурда Бишкек, Ош шаарларында шакирттери менен биргеликте түрдүү буюмдарды жасап жатышат. Алар жасаган дарбазалардын баасы 70 миң сомдон башталат.

Анын устаканасынан темирден жасалган кооз арабаларды да көрдүк.

17

16

Видео:

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×