Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ош облусуНоокат району 18.04.2016 10:25

Ноокаттын Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндөгү балбандардын күчтүүлөрүнө акчалай сыйлыктар берилди (фото)

Turmush -  Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн Ак-Булак айылында грек-рим көрөшү боюнча мелдеш болуп өттү. Жыйынтыгында 50 кг салмактан 70 кг салмакка чейинкилер арасында биринчи орунду ээлегендерге айыл өкмөт башчы Б.Марипов 5000 сомдон акчалай сыйлык тапшырып, спортчуларды материалдык жана моралдык жактан колдоолор улантыларын айтты.

Күрөшкө Кара-Суу, Ош, Ноокат райондорунан жана башка шаарлардан, айыл өкмөттөрдөн, райондордон келген балбандар катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×