Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ош облусуНоокат району 08.04.2016 11:44

Ноокатта «Жаш мугалимдердин кесиптик чеберчилигин өнүктүрүү» мектеби ачылды

Turmush -  Ноокат районунда «Жаш мугалимдердин кесиптик чеберчилигин өнүктүрүү» мектеби ачылды. Ага айыл аймактардан 21 жаш мугалим координатор болуп бекитилсе, «Жаш мугалимдер» мектебинин райондук координатору болуп райондук билим берүү бөлүмүнүн басма сөз катчысы Зайнабидин Мамасадыков дайындалды.

«Жаш мугалимдер мектебин уюштуруу менен мугалимдердин кесиптик билимин тереңдетүүгө, педагогикалык билимин өркүндөтүүгө, окутуунун усулдарын колдонуу эрежелерин, технологияларын үйрөтүү жана бири-бири менен тажрыйба алмашууга багыт берүү колго алынат», - деди райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Муктар Маматалиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×