Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ош облусуНоокат району 11.03.2016 15:55

Ноокаттагы мугалимдер «Сармерденде» күч сынашты (фото)

Turmush -  Тарых жана маданият жылына карата Ноокат районундагы билим берүү мекемелериндеги кызматкерлердин арасында «Сармерден» сынагы өттү. Анда райондун аймагындагы таланттуу мугалимдер тарабынан ыр-күүлөр жаңырып, «Манас» эпосунан үзүндүлөр, макал-лакаптар айтылды, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Соңунда мугалимдер эстафетаны Ноокат аймактык ооруканасына өткөрүп берди.

«Сармерден» — улуттун улуулугун, элибиздин маданиятынын бийиктигин, өнөрпоздордун талантын, ажарын ачып берген оюн-зооктун катарына кирет», - деди Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы М.Маматалиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×