Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ош облусуНоокат району 09.03.2016 16:27

Ош облустук предметтик олимпиаданын 1-орунун кайрадан ноокаттык окуучулар ээледи (фото)

Turmush -  Ноокат районундагы мектептердин окуучулары облустук олимпиаданын жыйынтыгы менен 1-орунду ээледи. Бул тууралуу Ош билим берүү институтунун директору А.Муратов билдирди.

«3 жылдан бери Ноокат району предметтик олимпиаданын облустук турундагы жалпы эсепте 1-орунду ээлеп келет. Бирок эмнегедир республикада байгелүү орунга ээ боло албай жатабыз. Андыктан быйылкы жылдагы олимпиаданын катышуучуларынан үмүтүбүз чоң», - деди А.Муратов.

Ошондой эле жыйын учурунда облустук олимпиаданын жыйынтыгында 1-орунду ээлеген 9 окуучуга жана алардын мугалимдерине баалуу белектер тапшырылды.

Предметтик олимпиаданын облустук туру 24-февралдан 26-февралга чейин Ош шаарында өткөн.

24

26

25

23

21

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×