Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ош облусуНоокат району 01.03.2016 12:27

Ноокатта 30 жаштан жогорку курактагы аялдар волейбол мелдешине түшөт

Turmush -  Ноокат районунда 5-март күнү 30 жаштан жогорку курактагы аялдар ортосунда спорттун волейбол түрүнөн мелдеш өткөрүлөт. Бул тууралуу Ноокат райондук дене тарбия жана спорт комитетинин башчысы Ислам Кожаев билдирди.

Маалыматка ылайык, Аялдардын эл аралык майрамына карата өткөрүлө турган мелдеште райондогу айыл аймактардан чыккан командалар беттешет.

Жеңүүчүлөргө райондук администрация тарабынан акчалай сыйлыктар жана дипломдор тапшырылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×