Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ош облусуНоокат району 11.02.2016 15:09

Айыл турмушу: 20 жылдан ашык күнөскана тармагында эмгектенген ноокаттык үй-бүлө 4 күнөсканадан 1 млн сомдон ашык киреше алат (фото)

Turmush -  Ноокат районундагы Ынтымак айыл аймагынын Челекчи айылынын 47 жаштагы тургуну Салма Жамалдинова 2 жылдан бери 10 сотых жерге күнөскана куруп, жаз-кыш дебей помидор, бадыраң өстүрүү менен эмгектенет. Анын айтымында, буга чейин жолдошу менен Казакстанда 20 жылдан ашык күнөсканада эмгектенүү менен каражат табышкан.

«Жолдошум Салиев Арапбайдын кесиби эколог. Ал мурдатан эле мындай өндүрүштүк иштерге кызыкчу. Мен күйөөмдү өмүрлүү шеригим деген мааниде “өмүр шерик” деп атайм. Бир нече жыл Казакстанда иштеп жүрүп, ушул эле ишти өз айылыбызда 2 жыл мурун баштадык.

Күнөскананы курууга жалпы 30 миң АКШ доллары жумшалды. Учурда 4 күнөскананы 10 сотых жерге жайгаштырдык.

Күнөскананы жылытуучу жабдууларды Кытайдан 6 миң долларга алып келдик. Былтыр күнөсканадан алгачкы түшүм алып, помидорду сатуу менен 600 миң сом киреше таптык. Ал эми быйыл күнөсканаларга 4 миң түп бадыраң, 2 миң түп помидор эктик.

Помидор жана бадыраңдын эң жакшы сортторунун уруктарын Голландия мамлекетинен алып келдик.

Быйылкы жылы эки жолу түшүм алып, кирешени 1 млн сомдон ашырууну көздөп жатабыз. Күнөсканага 6-класста окуп жаткан уулум Нуртилектин атын ыйгардык. Ал уулум кичине кезинен бери биз менен Казакстанда ушул тармакта эмгектенип келет. Ал учурда чоң адамдардай иштеп, күнөскананы өз кармагына алганга жетиштиет», - деди ал.

Күнөсканада помидор, бадыраң өстүрүүнүн сырлары менен бөлүштү.

«Помидор менен бадыраңдын уруктары башка өлкөдөн алынып келгендиктен аларды биздин климатка көндүрүү бир топ кыйынчылык туурдурат. Ошондуктан биз помидор жана бадыраңды өстүрүүдө жаш баладай абайлап, өз убагында керектүү азыктарды беришибиз зарыл. Бир күн өз убагында жакшы каралбай калган жаш уруктар ооруга учурашы мүмкүн. Урукту эгүүдөн мурун күнөскананын ичиндеги топурактар даярдалып, ал топурак дарыланат.

Анткени көчөт өсүп жатканда ар кандай илдетке чалдыгып, өспөй калышы мүмкүн. Андан соң жылуулукту бир температурада сактап, өз убагында тамчылатып сугаруу менен жылуу суулар берилет. Топуракты кармаганда суу болуп, бири-бирине жабышып, колго илинсе анда суу куюу зарыл эмес. Эгерде топуракты колго алганда майдаланып колго илинбесе анда сугаруу керек. Жашылчанын өңүнө карап да кандай абалда өсүп жатканын байкаса болот», - деди С.Жамалдинова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×