Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ош облусуНоокат району 10.02.2016 08:38

Ноокатта «Жыл мугалими-2016» кароо-сынагынын райондук этабы жыйынтыкталды

Turmush -  Ноокат районунда «Жыл мугалими-2016» кароо-сынагынын райондук этабы жыйынтыкталды. Үч күн бою өткөн сынакта аймактарда 1-2-орундарды ээлеген 17 мугалим ат салышып, алар ачык сабактарды, презентацияларды жана табылгаларын сунуш кылып, тесттик жана логикалык суроолорго жооп беришти. Ошондой эле ыңгайсыз кырдаалдардан чыгуу жөндөмүн көрсөтүштү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Жыйынтыгында 1-орунга К.Бобулов атындагы орто мектебинин мугалими Айчүрөк Кожомбердиева, 2-орунга Байыш орто мектебинин мугалими Абдимарип кызы Айпери, 3-орунга Герейт-Шорон жана Саид Баюми атындагы орто мектептеринин мугалимдери ээ болушту.

Жеңүүчүлөр менен номинацияга ээ болгон мугалимдерге баалуу белектер Ноокат райондук коллегиялык кеңешмеде тапшырылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×