Бөлүмдөр
Ишемби, 17-август
Ош облусуНоокат району 28.01.2016 18:17

Ноокат районунун акиминин биринчи орун басары болуп З.Жапаров дайындалды

Turmush -  Ноокат районунун акиминин биринчи орун басары болуп Жапаров Замирбек Паизович дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Темир Сариев кол койду.

Замирбек Жапаров 1963-жылы Ноокат районунда туулган. Буга чейин бир топ кызматтарда эмгектенип, акыркы мезгилде өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппаратынын финансылык чарбалык камсыздоо секторунун башчысы болуп иштеп турган.

Мурдагы биринчи орун басар М.Дүйшеев «Кыргыз-Ата» жаратылыш паркынын башчысы болуп дайындалды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×