Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Ош облусуНоокат району 22.01.2016 12:03

Ош облустук ооруканасынын дарыгерлери ноокаттыктарды акысыз кароодон өткөрүүнү улантууда

Turmush -  Ноокат районунун 6 айыл өкмөтүндөгү жашоочуларды Ош облустук ооруканасынын дарыгерлери акысыз текшерүүдөн өткөрүүдө. Бул тууралуу Ноокат райондук «Барын» атындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жетекчиси Абдрахман Абдуллаев билдирди.

Анын айтымында, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн токтомунун негизинде облустук оорукананын дарыгерлери акысыз текшерүүдөн өткөрүп, кеңеш берүүдө.

Педиатр, ревматолог, кардиолог, акушер-гинеколог, УЗИ жана башка дарыгерлер элди текшерүүдөн өткөрүп жаткан учурда оорулар аныкталса, дары-дармеги үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун мамлекеттик медициналык камсыздоо фондунун кошумча программасы тарабынан каржыланып, акысыз берилет.

Аталган дарыгерлер Ноокат районунун Кеңеш, Кыргыз-Ата, Кара-Таш, Исанов, Зулпуев, Көк-Бел айылдарынын жашоочуларын январь-февраль айларында мидициналык кароодон өткөрүшөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×