Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ош облусуНоокат району 20.01.2016 14:16

Ноокаттагы мугалимдер билимин жогорулатып, бир катар маселелерди талкуулашты

Turmush -  Ноокат районундагы Көк-Жар орто мектебинде райондун батыш аймагындагы мектептердин мугалимдеринин кышкы усулдук окуусу башталды. Ага кыргыз тили, орус тили, чет тили, химия, биология, физика, математика, информатика жана дене тарбия сабактарынан окуткан мугалимдер катышып, окуу материалдары, технологиялары, усулдары талкууланды. Ошондой эле ачык сабактар өтүлүп, баяндамалар окулду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Андан соң райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Муктар Маматалиевдин катышуусу менен секция жетекчилеринин тегерек столу болуп, усулдук окуудагы материалдар, көйгөйлөр, жаңылыктар талкууланды.

Ошондой эле тарых музейин жандандыруу, маданий иш-чараларды уюштуруу, предметтик олимпиаданы электрондук негизде өткөрүү жана башка маселелер кеңири талкууланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×