Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ош облусуНоокат району 07.01.2016 13:55

Айыл турмушу: Ноокатта багылган эт багытындагы үндүктөр 3,5 миң сомго чейин бааланат (фото)

Turmush -  Ноокат районунун жашоочусу Азамат Абдырахманов 5 жылдан бери үндүк багып, аларды Ош шаарында сатуу менен алектенет. Үндүк багуу менен жакшы киреше алууга болот, деди ал аймактык кабарчы менен болгон маегинде.

Учурда 200гө жакын үндүк багып жатат.

«Мен 5 жылдан бери ушул иш менен алектенип жүрөм. Мурун дыйканчылык кылчумун, бирок дыйканчылыктан киреше таппай калганыма байланыштуу үндүк багууга өттүм. Учурда үндүк багуунун сырын жакшы өздөштүрүп калдым. Бул тармак кирешелүү жумуштардын бири.

Былтыр 300 баш үндүк бактык. Быйыл 200 үндүк багып жатам. Үндүктү багуу оңой эмес, түйшүгү көп.

Жумурткадан жаңы чыккан жөжөлөрүн бир ай бою артынан калбай караш керек. Анткени жөжөлөрү өтө назик келет.

Бизге үндүктөрдү багууга апам жардам берет», - деди ал.

Учурда Ош шаарынын борбордук базарында үндүк соодасы кызуу жүрүп, сатып алуучулардын саны арбын.

«Быйыл үндүк алуучулар жылдагыга салыштырмалуу көбүрөөк. Биз семиз үндүктөрдү гана сатууга алып чыгабыз. Денеси сары болгон үндүк семиз экендигинен кабар берип турат. Үндүк салмагына карап бааланат. Бирок үндүк жылдагыга салыштырмалуу быйыл арзан. Өткөн жылы 1,5 миң сомдон 3,5 миң сомго чейин болсо, быйыл 700 сомдон 2, 5 сомго чейин бааланууда», - деди А.Абдрахманов.

Жаңы жыл күнү 20 үндүк сатканын кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×