Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ош облусуНоокат району 07.01.2016 10:15

Ноокаттын Кыргыз-Ата айыл аймагындагы 3 мектепте орундун жетишсиздигинен окутуу саат 18:30га чейин улантылууда

Turmush -  Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл аймагындагы 3 мектепте орундун жетишсиздигинен окутуу кечки саат 18:30га чейин улантылып жатат. Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Жапар Нурматовдун айтымында, Кыргыз-Ата айыл аймагында жалпы 7 мектеп бар. Анын ичинен 3 мектепте орундар жетишпейт.

«К.Токторов, К.Каримов жана А.Парпиев атындагы орто мектептерде окуучулар белгиленген сандан ашыкча. Ошондуктан алар 2 кезметке бөлүнүп окушат. Быйылкы жылы бул мектептердин ордуна 320 орундуу мектептерди куруу зарылчылыгы турат. Жаңы мектептерди куруу пландалууда», - деди Жапар Нурматов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×