Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ош облусуНоокат району 25.12.2015 13:31

Ноокат районундагы 9 аймакта «Жылдын мыкты мугалими-2016» кароо-сынагынын жеңүүчүлөрү белгилүү болду (фото)

Turmush -  23-24-декабрда Ноокат районундагы 9 аймакта «Жылдын мыкты мугалими-2016» кароо-сынагынын аймактык туру өткөрүлдү. Аймактык турга жалпысынан 67 мугалим катышып, алар ачык сабактарды өтүп, калыстар тарабынан бааланды.

Ошондой эле мугалимдер тесттик тапшырмаларды, ыңгайсыз кырдаалдардан чыгууну, кесиптердин рейтинги, күтүлбөгөн абалдагы табылга боюнча тапшырмаларды аткарып, педагогикалык философияны чагылдырган презентацияларды көрсөттү.

26

Сынактын аймактык туру жылдагыдан айырмаланып эки күн өткөрүлүп, мугалимдерге өз дараметтерин көрсөтүүгө толук мүмкүнчүлүк жаралды. Жыйынтыгында 9 мугалим сынактын райондук туруна катышууга жолдомо алышты.

25

22

23

24

21

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×